Биз социалдык тармакта

"Удаа-удаасынан жоготуулар". Өрткө каршы кызматында иштеп келген майор Нурлан Токсунбаев 44 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Ушул жылдын 28-июнунда Свердлов райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн №3 аскерлештирилген өрткө каршы бөлүгүнүн башчысынын орун басары, майор Нурлан Токсунбаев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Майор Нурлан Токсунбаев 1976-жылдын 2-декабрында Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында туулган. Ал өрткө каршы кызматында 1998-жылдан бери иштеп келген. 2018-жылы №8 өрткө каршы кызмат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалып, азыркы күнгө чейин иштеп келген.

Эмгек жолу:

- 1998-жылдан 2000-жылга чейин Бишкек шаардык Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн №3 аскерлештирилген бөлүгүндө өрт өчүрүүчү;

- 2000-жылдан 2003-жылга чейин Бишкек шаардык Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн №3 аскерлештирилген бөлүгүндө улук өрт өчүрүүчү;

- 2003-жылдан 2005-жылга чейин Бишкек шаардык Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн №3 аскерлештирилген бөлүгүндө команда башчысы;

- 2005-жылдан 2011-жылга чейин Свердлов райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын №3 аскерлештирилген бөлүгүндө кароол башчы;

- 2011-жылдан 2012-жылга чейин Бишкек шаардык Өрт коопсуздук башкармалыгынын Аскердик техникалык бөлүктүн башчысынын орун басары;

- 2012-жылдан 2013-жылга чейин Бишкек шаардык Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын Свердлов райондук бөлүмүнүн Өрттүн алдын алуу бөлүмүнүн улук инспектору;

- 2013-жылдан 2017-жылга чейин Бишкек шаардык Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын Свердлов райондук №3 аскерлештирилген бөлүгүнүн башчысынын орун басары;

2017-жылдан азыркы убакытка чейинки аталган бөлүктүн башчысынын милдетин аткарып келген.

SUPER.KG порталы майор Нурлан Токсунбаевдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Буга чейин дээрлик 20 жылдан бери ӨКМда иштеп келген подполковник Мухаметалы Жантаевдин 43 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
altyn7776
2020-07-01 16:41:05
Бир жерден осуп-когоргон жигит экен. Жанын жаннаттан орун алсын. Канчалаган омурлорду куткардын экен омурундо...элдин алкышын алып...
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан