Биз социалдык тармакта

"Алмазбек Атамбаевге вирус жугузууга ким кызыкдар?". Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Канат Сагымбаевдин билдирүүсү

Мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев билдирүү жасады. Билдирүүнү КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

"Кой-Таштагы түшүнүксүз кылмыштуу аракеттеринен кийин Алмазбек Атамбаевди күч колдонуп жок кылууга бийлик кызыкдар экенине көзүм жетти. Карантин учурунда бардык иштер токтотулганына карабай, бир гана Кой-Таш окуясы боюнча сот отурумдары өтүп жатты. Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу начар экенин билип туруп, сот отурумдарына атайылап алып келип жатышты. Мен ооруп, коронавирустун белгилери бар экенин айтып, судьяга кайрылып чара көрүүнү сурансам, айыптоочу тарап Алмазбек Атамбаевди менин жаныма отургузууга сунуш киргизип калды. Судья Марат Сыдыков карантиндеги талаптарды аткаруунун ордуна айыптоочу тараптын сунушун канааттандырып койду. Алмазбек Атамбаевге вирус жугуп калышына бийлик кызыкдар экени ошондо эле билинип калган. Азыр жоопкерчиликтен качып, жактоочу Замир Жоошевге түртө салдыңар. "Альфаны" бүт дүйнөгө уят кылдыңар!", - деген ал билдирүүсүндө.

Алмазбек Атамбаевге эки тараптуу пневмония диагнозу коюлуп, ал дарылануу үчүн ооруканага жаткырылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
talaa11
2020-07-01 15:53:01
Негизи чала болот Атамбаевке булдагы аздык кылат ушуну кормок озу. Садыр Жапаровко убагында кандай кана азап бербеди эми ошону озуда жон тери менен сезиши керек акмак сволочь
+12
altyn7776
2020-07-01 16:26:47
talaa11, туура айтасын. Оз башына тийип атат!
+7
001KG
2020-07-01 18:07:43
Бул жигит УКМКдан атайын мемлекет тарабынан дайындалса, анан кайра муну эмнеге камап, соттоп жатат? Түшүнүксүзбү же мен түшүнбөй жатамынбы?
0
Qwer007
2020-07-01 16:01:11
Жашоо бумеранг чын С Жапаров кандай азап тартты, козун май басып кормоксон болду
+8
Alinur96kg
2020-07-01 16:17:01
Бирок эмнеси болсо да чыныгы эркек экен,сатып кеткен жок.АШАнын жанында журушуп убагында окурто макташып кийин сатып кетишти.Бул балага баа бердим.
+3
altyn7776
2020-07-01 16:27:57
Alinur96kg,умуту чон да дагы ошондой айлык, жашоо келип калабы деген...
+1
Alinur96kg
2020-07-01 19:37:31
altyn7776,антип ойлосо АШАны жамандап Сокени мактап койсо эле болмок.
0
nazarmat92
2020-07-01 17:34:10
Канат чыныгы азамат экен, эн акырына чейин туруп берди,оз милдетин так аткарды. Атамбаев дагы эр журок экен камаларын билип турса дагы эч жакка качкан жок, Кыргызстандын армиясына жалгыз озу туруштук берип койду колундагы СВД менен.
+6
Aliar1
2020-07-02 14:12:04
nazarmat92,Эн акырына чейин турган жок анын дагы убагында жасаган кылмыштары бар Атамбаев акталса ал дагы илешип боштондука чыгат
-3
aydinnur
2020-07-01 18:41:12
Кылмышкер Жапаровду мактагандан тажаган жокcунарбы ыя туугандар,Атамбаевге салыштырбагылачы,кыйын кырдаалда кулкуну келтирип..Менин туугандарым Жапаровдун оз айылынан болот,камалган учурда,кубанбаса да кубатташкан"ырас кылды,килейген шахтаны агасы экоо талкалады,бийликте болсо мамлекетти талкаламак"-деп.
-6
bekmaral
2020-07-01 18:54:44
Негизи ушул баланы мужик экен десе катындарга окшоп жаман ушак таратат экен да.Бир аз эркек болсон.Эгер ошондой болсо буларга да кудай бар.Тез эле корсотуп коет.
-7
Rifle_I
2020-07-02 11:58:06
Полный бред. Вирусту алып барып жугуза турган деңгээлде эмеспиз. Эч ким менен аралашпаган адамдар да ооруп жатат азыр. Атайын АША оорусун деп ким вирус алып берет ? Анан да вирусту атайын бөлүп кантип алат ?
-1
Krai
2020-07-02 14:21:08
Rifle_I, туура айтасың ушинтип эле далилсиз ушактарды чыгара беришет
-2
modem4999
2020-07-02 14:41:18
Ашадан айланып кетпейсинерби силер ким ал ким?
-1
asad9
2020-07-02 16:02:33
Саткындардан кудай өзү сактасын. Азыркы бийлик Кыргызстанды бүт дүйнөгө уят кылды. Парламент төрагасы орусча билбей чулдураса, Президент чакырылбаган жерге барып Шыпырылбаган жерге отурат болду Москвадагы парадка катыша албай. Эх Кыргызстан кимдердин колунда калды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан