Биз социалдык тармакта

Кара-Суу шаарына жаңы мэр шайланды

Бүгүн, 1-июлда Ош облусуна караштуу Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо ѳттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда Кара-Суу шаарынын мэри болуп Адыл Лолобаев шайланганы айтылат.

"Кара-Суу шаарынын мэринин кызмат ордуна 1 талапкер – Кара-Суу райондук кеңешиндеги КСДП фракциясынын ѳкүлү Лолобаев Адыл Манасович катталган. Мэрди шайлоого шаардык кеңештин 31 депутаты катышмак. Арасынан бирөө катышкан жок. Жыйынтыгында Лолобаев 30 добуш алып, ал Кара-Суу шаарынын шайланган мэри деп табылды. Шайлоонун алдында добуш берүү үчүн орун-жайлар, ошондой эле бардык үстүнкү беттери толук түрдѳ дезинфекцияланган", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, Кара-Суу шаарынын мурдагы мэри Кутугали Козубаев берген арызынын негизинде 2020-жылдын 4-мартында ээлеген кызматынан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nemo2016
2020-07-01 19:48:33
Фамилия отчество атасы мн апасыныкы эмеспи ия
+1
NURSAPAR
2020-07-02 10:24:05
Мурда ким болуп иштеген, билими кандай ,кайдан келген?????
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан