"Баарына салам жолдоду". Атамбаевдин жактоочусу ал менен жолугуп чыкты
Бүгүн, 1-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарёв ооруканага барып, Атамбаев менен жолукту. Жактоочунун айтымында, ал баарына салам жолдогон.
"Кечээтен бери Алмазбек Шаршеновичтин абалы кескин өзгөрдү. Ага медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Буга чейин белгилүү болгондой, ага эки тараптуу пневмония диагнозу коюлган. Ал эки апта бою дарыгерлердин кеңеши менен дары-дармектерди ичип жатат", - деди жактоочу.