Биз социалдык тармакта

Жеке ишкердин демилгесин улай: "Бишкектеги мейманканабызды оорукана үчүн пайдаланууга беребиз" дейт ишкер айым

Мекенибизде катаал кырдаал болуп, абал курчуп баратканда четте карап турбаган жеке ишкерлер мамлекетке колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришүүдө. Мындай демилгени ишке ашырууга бел байлаган Бишкек шаарынын тургуну, жеке ишкер Бурул Кушубекова Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жазып чыккан.

“Өлкөдөгү абалды карап туруп кайдыгер боло албадык. Жолдошум Расул Айдаров жана уулум Руслан Айдаров болуп кеңешип ушул чечимге келдик. Орун жок деп ооруканалар албай жатат деген маалыматтар байма-бай чыгып жатат. Эгерде муктаждык болсо, биздин мейманкананы госпиталь катары пайдаланып турууга берели деп чечтик, канчалаган өмүрлөр сакталып, бир аз болсо да жеңилдик болот деген ишенимдебиз. Бириксек жеңебиз”, - деп жазган ал билдирүүсүндө.

Буга чейин дагы бир ишкер 300 орундуу чайканасын оорукана катары пайдаланууга берүүгө даяр экенин билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
love_story
2020-07-01 17:45:16
Ыраазыбыз! Чон рахмат! Сиздей адамдар олкобуздо кобойо берсин.
+9
momun74
2020-07-01 18:02:14
Аллахым ыраазы болсун сизден!
+6
Kylym.85
2020-07-01 18:05:32
Журок жылып козго жаш тегеренди, эркек болсом да кадимки жаш баладай ыйлагым келип кетти
+4
anash
2020-07-01 18:45:05
Окмот эмнени карап атат орундарды кобойтбойбу баары жетиштуу деп атты эле уят 500миллион каяка кетти Ж.С.Ш. ???Чара коргулода чоондор оруса олуп эле карайсынар карапайым эл оруса качасынар?окмот же элден жардам кутуп жатасынарбы?
+4
anash
2020-07-01 18:48:24
Айдаровтордун уй булоосуно рахмат!!!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан