Биз социалдык тармакта

"Медицина кызматкерлерин акысыз ташып турууга даярмын" деп билдирет ыктыярдуу жаран

Өлкөдөгү акыркы кырдаал татаалдашып бараткандан бери жеке ишкерлер, жөнөкөй жарандар өкмөткө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип жатышат. Алардын катарында Такен Молдакулов аттуу жаран да бар. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу республикалык штабга кайрылуу жасаган.

“Тойканам, мейманканам, медициналык билимим жок. "Тез жардам" унаасына мөөнөтсүз, бекер айдоочу болуп бергенге даярмын. Айдоочулук тажрыйбам 30 жыл. Дарыгер же медперсоналдарды жеке унаам менен ташып турганга дагы даярмын. Коронавируска чалдыккан мекендештерибиздин сакайып кетиши үчүн колуман келген жумушту аткарам”, - деп жазган ал өз билдирүүсүндө.

Эске салсак, кечээ Бишкектеги жеке ишкерлердин бири 300 орундуу тойканасын оорукана үчүн берем десе, бири мейманканасын берүүгө даяр экендигин билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Safiya91
2020-07-02 20:26:43
Боорукер элден айланса болот.
+7
nargiz-sa
2020-07-02 20:56:04
Аллах узун өмүр берсин
+7
kanu
2020-07-02 21:47:03
Алладан эки эселеп кайтсын жакшылыктарыныздар,оомин
+6
Tymar
2020-07-02 22:41:43
Жараткан Тениримден соолук берсин сиздерге. Тенир колдосун. Бар болгула.
-3
KG.Kushtarbek
2020-07-03 04:04:01
Мынаке биздин байларгада кудай ынсап ыйман беритат Алла ыразы болсун силерден
+2
Krai
2020-07-03 07:28:18
Менин да 7 орундуу машинам бар бензин куюп беришсе мен деле акы албай кызмат кылып бермекмин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан