Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун бир тууган агасы Камбараалы Сарыбашов 62 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мекеменин басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.
"Камбараалы Сарыбашов бүгүн түндө каза болду. Маркум Экономика министрлигинин Оштогу бөлүмүндө иштечү", - деди Абсаттаров.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Камбараалы Насирбековичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.