Бишкек шаардык Октябрь районунун акими Максим Ситников райондук администрациянын башчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда шаардык мэриянын басма сөз кызматы тарабынан маалым болду.
"Маским Ситниковдун кызматынан кетиши ден соолугунун начарлашына байланыштуу экенин акимчиликтен билдиришти. Бишкек шаардык мэриясы Маским Ситниковго ыраазычылык билдирүү менен бекем ден соолук каалайт", - дешти мекемеден.