Биз социалдык тармакта

"Дарыканаларда бет кап же антисептикалык каражаттардын баасы негизсиз кымбат болсо, кайсы номурга чалуу керек?". Жооп

Дарыканаларда дары-дармектердин, медициналык каражаттардын, бет каптардын жана антисептикалык каражаттардын баасын негизсиз кымбат саткан учурларга туш келген жарандар 1955 ишеним номуруна чалса болот. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, учурда бааларды негизсиз жогорулатууга жол бербөө максатында рейддер жүрүүдө.

"Рейддин жүрүшүндө дарыканаларда бааны негизсиз көтөрүү фактылары катталган. Мурда мындай иш-чаралар профилактикалык максатта жүргүзүлүп келсе, эми мыйзамды бузгандарга карата катуу чаралар колдонулат. Финпол абалдан пайдаланып, жашоо үчүн маанилүү болгон дары-дармектерге жана медициналык каражаттарга бааны көтөрүүгө болбой турганын эскертет", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, жарандар 1955 номуруна чалуудан тышкары receivefinpol.gov.kg@gmail.com. электрондук почтасына өз арыздарын жөнөтө алары белгиленет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Paol
2020-07-03 00:43:15
Точнобу өлүп кетейин дегилечи))))Чалсак албай линия бошобой калып косяктарынар болбойбу?Хорошо примем меры деген бойдон өчүрүп койчунар эле
+1
Nur777
2020-07-03 01:26:34
Чалуу бекерби? Бааларды жазып койсонор ьолмок,канчадан ашса чалуу керек?
+3
didu
2020-07-03 06:06:01
Баасы канчадан ашса чалайлы
+1
gitaris93
2020-07-03 21:07:23
20 сомго маска алсаң анан силерге чалып 20 сомго ед кетсе 40 сомго түшөт экен
Номерди акысыз кылбайсыңарбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан