Бүгүн, 2-июлда Бишкек шаарында санитардык-карантиндик талаптардын нормаларын аткарбаган 6 тамактануучу жайга айып салынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ага ылайык, борбордогу “Найман”, “На мосту”, “Империя пиццы”, “Кыргызбай” жана “Жибек-Жолу” кафелеринин ээлерине карата протокол түзүлүп, жалпысынан 18 миң сомго айып салынды.
Бүгүнкү күнгө чейин шаардык санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан жалпысынан 887 миң сомго 219 протокол түзүлүп, 800дөн ашык ишкерлер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү маалымдалат.