Жактоочу Кайрат Загибаев көз жумганын кесиптеши Канат Хасанов маалымдады. Анын маалыматына ылайык, Загибаев пневмония илдетинен улам каза болгон.
"Пневмониядан үчүнчү жактоочу каза болду", - дейт Хасанов. Ал 2-июлда эртең менен дүйнөдөн кайткан.
Кайрат Загибаев бир катар саясий соттук иштерде жактоочулук кылуу менен белгилүү болгон. Ал президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевге, мурдагы депутат Хажимурат Коркмазов, УКМКнын Кой-Таш окуясында каза болгон жоокери Үсөнбек Ниязбеков боюнча соттук иштерде жактоочу болгон.
SUPER.KG порталы Кайрат Загибаев көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.