Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы 300 орундуу госпиталь ача тургандыгын маалымдады. Анда пневмония илдетине чалдыккандарга жардам көрсөтүлөт.
Буга байланыштуу госпиталга дарыгерлер, медайымдар, санитардык кызматкерлер керектиги жазылат маалыматта. Ага жумушка киргендер 15 күн иштеп, 15 күн карантинде болушат. Кызматкерлерге айлык акы фонддун эсебинен төлөнүп берилет.