Биз социалдык тармакта

"Мен өлгүм келбейт, жардам бергиле". Ганси обсервациясындагы бейтап кайрылуу жасады

"Мен өлгүм келбейт, жардам бергиле". Ганси обсервациясындагы Бишкек шаарынын тургуну Ажар Султанова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

“Түнү мен дем ала албай калдым. 3 күн ичинде "Тез жардам" да, үй-бүлөлүк медицина борборунан врач да келген жок.

Агам мени тезинен Гансидеги обсервацияга алып келди, ал жерде 1 эле орун бар экен. Менден кийин келген адамдарды орун жок деп кабыл алышкан жок. Кайсы бир дарыны чоң дозада күрөө кан тамырым жана киндигим аркылуу сайышты, андан ары тахикардиям башталды. Дарыгер чочуп кетип, тамчылатма дарыны чыгара салды. Кийин башка дары беришти. Бул жерде эч кандай шарт жок, жууркан дагы, жаздык дагы жок, өтө суук. Менин жанымда азыр эле бир киши каза болду. Мен өлгүм келбейт”, - деп жазган.

Ошондой эле аталган ооруканада эч кандай медициналык жабдыктардын жоктугун айтып, бир гана тамчылатма дары коё турган штатив бар экенин, дарыгерлерге боору ооруп жатканын кошумчалаган.

Билдирүүсүнүн акырында “кимдин шаар ичиндеги ооруканада тааныш дарыгери жана бош орун бар болсо, мага кислород аппараты керек, жардам бергиле” деп жазган.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев буга чейин аталган обсервацияга абалы орто оор болгон бейтаптар дарыланарын айткан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Arstan18.18
2020-07-03 10:37:59
Жомок
-30
sabirdinovich
2020-07-03 11:06:39
Arstan18.18, сен ооруп калып жомок жазып калба. Ишенбесең 0700500125 менин ватсапп статусумду кара. Кечээ эле алтындай болгон агайыбыздан айрылып калдык. Анан сен жомок дейсиң. Азыр жомок жазгандай абал эмес
+12
Krai
2020-07-03 11:46:28
Arstan18.18,жомок деп ... Арстан Алай окшойсуң сен
+10
asash
2020-07-03 15:22:27
Krai ошол киши кайда журот, мен жибердим квтайга деди эле го, Кыргызстандан айдабайт бекен
+2
aydinnur
2020-07-03 13:13:23
Arstan18.18,Алайдын иниси жашыраак болсон волонтер болуп катталып,санитар болуп иштеп келчи ошол жомокту жасап аткан больницаларга..Карууга толуп,култундоп турган менин балам,бир кун ичинде мышык болуп,коркуп калыптыр,ээленип кетти эле он он беш кун жардам берем деп..Жанагы арам олгур Кимсанбайдын баласын да кошуп ал жанына..
+7
aika17
2020-07-04 00:23:25
Arstan18.18,сага окшогон эл душмандары жомок деп элдин башын айландырып атып элдин убалына калдыңар.Максатыңарга жеттиңерби,эми кысчу жериңерди кыскыла!
0
Aimani
2020-07-03 10:48:59
Ошол жактын шарттары жакшы экен деп атышат го. Жакын тааныш медик дарыланып атат пневмония болуп
0
portugalia
2020-07-03 13:07:24
Келесоолор гана ишенишпейт.Арабызда эле журуп жатканын корушпойт бекен?
+6
J1irg
2020-07-03 14:25:21
Жараткан Тенир куч кубат берсин кыргыз элиме.
-5
O.dembele
2020-07-03 15:02:52
Сактангыла!Ырыскың бутсо баары бир өлөсүң.
+1
Kg.paren
2020-07-03 20:14:25
Бир башка бир олум алла шыпасын берсин бирок олумго дагы тик туруш керек эчким туболуктуу эмес эртеби кечипи барыбыздын башыбызга келет ошону унутпайлы
0
bbek
2020-07-04 07:06:32
Вирус жок дегендер кыргыздын душманы.ооруу жок деп элдин башын айлантып буттунор.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан