Биз социалдык тармакта

Дарыгер Жогорку Кеңештин бир депутатынын бир айлык маянасына 10 дарыгерге коргоочу каражаттарды сатып алды

Жогорку Кеңештин бир эле депутатынын айлыгына 10 дарыгерди коргонуучу каражат менен камсыздаса болот экен. Мындай ой-пикирин пневмониядан жабыркаган бейтаптарды карап жаткан оорукананын дарыгери социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.

Дарыгер Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиевага кайрылуу жасап, депутатты айлыгы менен бөлүшүүнү сунуштаган. Өз кезегинде Сурабалдиева сөзүнө туруп, бир айлык эмгек акысын которуп берген.

"Депутаттын айлыгы жеке өзүмө эмес, мен иштеген ооруканага керек эле. Жакындан бери биздин стационар пневмония менен түшкөн бейтаптарды да кабыл ала баштады. Мындайда медициналык персонал колдонуп жаткан №95 Кытайдын респираторлору жайдын ысыгында ыңгайсыздык жаратып жаткан. Алардан жүрөк айланып, кусканга чейин барган учурлар бар. Айрыкча улуу муундагы кызматкерлерибиз кыйналып кеткен. Мындан тышкары алар түгөнүп бараткан. Жаңысын алуу үчүн тендер жарыялап, анан аны алып келгенге чейин дагы канча убакыт өтөт белгисиз. Андыктан бир депутаттын айлыгына өзүмдүн бригадам үчүн интернеттен тапшырык берип, төмөндөгүлөрдү сатып алдым:

  • америкалык өндүрүшчүлөрдүн дем алууга ыңгайлашкан клапандары бар, көп жолу колдонулуучу 10 респиратор (клапандарды алмаштырып туруу үчүн 200 даана фильтр);
  • венага сайылуучу катетрлар;
  • гель бут кийим;

Булар бир депутаттын айлыгына эч кандай бюрократиясы жок, оперативдүү түрдө алынды. Элестетип көргүлө, 12 депутаттын айлыгына медициналык персоналга дагы, бейтаптарга дагы өтө зарыл болгон канча медициналык каражат, дары-дармек алынмак", - деп жазылган билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Saidochka
2020-07-03 16:17:17
Ошондо 120депутаттын бир эле айлыгына кыргызстандын бардык медиктерин коргоочу каражат менен камсыздаса болчудай го. Кайран гана ушуларга кеткен элдин акчасы!!!
+5
Saidochka
2020-07-03 16:24:47
Шайлоодо ойлонолу жакшылап, козубузду чон ачып, эл учун да кызмат кылам дегендерди тандабасак, мин сомго алданып анан эл башына бугункудой иш тушсо унчукпай чээнге кирип кеткен депутат соройлорду багып отурбай
+8
zuxrab777
2020-07-03 16:29:26
120 депутаттын айлыгы, оой баай суммасы н эсептеген калькулятор ысып ташы отуруп калса керек эле..
+7
Jelezo
2020-07-03 16:29:37
Эльвира жакшы кыз экен дайыма эл үчүн кызмат кылат.
+12
alishsapan
2020-07-03 18:49:22
Эми элестетип көргүлө 5 жылдык айлык акысын анан дагы шопуру унааларынна күйүүчү май эмнени кыйратып койгонуна багып жүрөбүз 120 депутатты
+3
Raihan0602
2020-07-04 10:43:33
Пандемия башталгандан бери олтурабыз го бир сом акчабыз жок эле депутаттар деле бир-эки айлыгын которуп коюшса канча проблема чечилип калмак эле ээх кайсы бирин айтайын...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан