Вице-премьер-министр Аида Исмаилова онлайн-брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында коронавирус илдети менен күрөшүү үчүн ачылган эсепке түшкөн каражаттардын кайда жумшалганын айтты.
"Бул эсепке физикалык же юридикалык жактардан 139 миллион 975 миң 253 сом түштү. Комиссиянын чечими менен 38 миллион 553 миң сом медкызматкерлердин кошумча маянасы үчүн которулган. Кийин дагы 95 миллион 584 миң сом медицина кызматкерлеринин кошумча төлөмдөрү үчүн жумшалды.
29-майдагы протокол менен 4 миллион 150 миң сом коргоочу каражаттарды, оору менен күрөшүүгө зарыл болгон медициналык буюмдарды алууга коротулду.
Азыркы убакта бул эсепте 1 миллион 581 миң сом бар", - деди Аида Исмаилова.