Биз социалдык тармакта

Мэрия: "Провокацияга жол жок. Кичи автобустар берилген графикке ылайык каттамга чыга берет"

Бишкекте маршруттук таксинин айдоочулары 3-июлда каттамга чыкпай тургандыгын билдиришкен видео тараган соң шаардык мэрия кээ бир айдоочулар тарабынан провокациялар жүрүп жатканын билдирип, маалымат таратты.

Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн 3-июлда борбордо жалпысынан 900 кичи автобус каттамга чыккан.

"Бүгүн эртең менен маршруттук таксинин айдоочуларын жумушка чыкпашын талап кылган провокациялык аракеттер жана айрымдарын коркутуу боюнча фактылар катталды. Бул фактылар боюнча иш алып баруудабыз. Ошол эле маалда оор мезгилге туш келген ар бир айдоочуга жардам берүүгө дагы аракет жасап жатабыз. Учурда шаардык транспорт башкармалыгы патрулдук милиция менен биргеликте коомдук транспорттун графигинин сакталышын жана коомдук тартипти көзөмөлдөп жатышат. Мындай убактылуу чектөөлөр баарыбыздын коопсуздугубуз үчүн колдонулуп жаткан чара экенин айдоочулар дагы туура кабыл алышы керек. Коомдук транспорт убактылуу каттамдын графигине ылайык, эртең мененки саат 07:00дөн 10:00гө чейин жана 17:00дөн 21:00гө чейин иштей берет", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Бишкекте маршруттук таксинин айдоочулары 3-июлдан баштап каттамга чыкпай тургандыгын билдирген видео социалдык тармактарга тараганы маалымдалган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aiba.8327
2020-07-03 18:18:55
161чи маршутка жүрбөй жатат го кайакты карап жатат министерство транспорт [moderated]...
+1
Mintip-menu-suybo
2020-07-03 19:01:07
212 да каттабай атат... Карап койгулачыыы...
+1
ferum96
2020-07-03 20:47:14
Дордойго барчу маршруткалар иш таштаган окшойт. Эрте менен жарым саат 193куттум((
+1
Kylychisa
2020-07-03 23:30:56
Озу жол кирани 20 сом кылып интервалын кыс кыскартып койсо маршрутка тез тез каттап киши аз отурат дистанция да сакталат.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан