Сооронбай Жээнбеков Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен кеңешме өткөрдү

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-июлда өлкөнүн Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен онлайн кеңешме өткөрүп, парламенттик шайлоого карата даярдык маселелерин талкуулады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Анда Нуржан Шайлдабекова БШК тарабынан парламенттик шайлоого карата көрүлүп жаткан уюштуруу иш-чаралары жана даярдыктар тууралуу маалымат бергени айтылат.

"Шайлоо азыркы шарттарда жарандардын саламаттыгын сактоо үчүн бардык санитардык-карантиндик чараларды жана эрежелерди аткаруу менен өткөрүлүшү шарт. БШК бул маселе боюнча өкмөт менен бирге иштешет. БШК парламенттик шайлоонун бардык катышуучуларына эркин саясий атаандаштык үчүн бирдей укуктук шарттарды түзүп берет", - дейт БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

Өз кезегинде өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков шайлоонун бардык баскычтарында ачык-айкындуулук менен мыйзамдуулукту сактоо зарылдыгын белгилеген.

Маалым болгондой, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөрү, тиешелүү жарлыкка Сооронбай Жээнбеков кол койгону маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан