Биз социалдык тармакта

Жума намазына, бильярд залдарына, бассейндерге... Ош шаарында убактылуу тыюу салынган жайлар

10-июлдан тартып 31-июлга чейин Ош шаарынын аймагындагы мечиттерде жума намазы убактылуу окулбайт. Мындай маалыматты Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы таратты.

Ага ылайык, бул маселе вирусологдор жана шаар казысынын катышуусунда талкууланып, чечим кабыл алынган. 5 убак намазды аралыкты сактоо менен окуганга уруксат берилген.

Мындан тышкары шаар мэриясы Ош шаарындагы эс алуучу жайлардагы балдар ойноочу аянтчалар, соода борборлорундагы балдар ойноочу жайлар, бильярд залдары, интернет клубдары, караоке клубдар, түнкү клуб жана бассейндердин иштөөсүнө белгисиз мөөнөткө чейин тыюу салынганын кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
talas0707
2020-07-03 19:19:04
Мечитке барса жугуп башка жактан жукпайт деп ойлойт окшойт
0
Gsuita
2020-07-03 19:22:00
Базарда, маршруткада ошончо тыгылган эл. Эч ким эреже сактабай эле жүрөт. Ал жактардан жукпайт бекен?
+2
bond0202
2020-07-03 20:03:27
Gsuita,эрежени сактагыла деп эскертип атат.сактабаган куноо озубуздо.олтуруп алып эле бийлик кунолуу дейбиз.
0
Tyty1990
2020-07-03 20:59:28
Иттен таркаган теңирчилер менен каапырларга жыргал болду. Аллах жазанарды берет буйруса
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан