Биз социалдык тармакта

Аламүдүн районунун акиминин орун басары Айбек Кулубаев пневмониядан каза болду, ал 46 жашта болчу

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун акиминин орун басары Айбек Кулубаев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Маалыматты райондук администрациядан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Кулубаевге пневмония диагнозу коюлган. Ал бүгүн, 3-июлда түштөн кийин көз жумган.

"Оор абалда ооруканага жаткырылган болчу, астма оорусу да бар эле, биз анын жакындарына көңүл айтабыз", - деп билдиришти райондук администрациядан.

Айбек Кулубаев 46 жашта болчу.

SUPER.KG порталы Айбек Кулубаевдин көз жумгандыгына байланыштуу жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aerforce
2020-07-04 00:05:54
Коронавирус эмес пневманиядан олгондор кобойуп кеттиби? Экоосунун айрмачылыгын жазгылачы
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан