Биз социалдык тармакта

Мэрия: "Пандемия шартында моралдык жакты унутта калтырып, дары каражаттарынын баасын кымбаттаткандарга чара көрүлөт"

Бүгүн, 3-июлда Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери менен шаардагы фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Маалыматты мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу жарандардын дарыканаларда дары-дармектердин баасы кымбаттап кетти деген кайрылуусунун көп болуп жаткандыгынан улам болгон. Мындай жагдайдын жаралышын мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев, фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери биргеликте талкуулашты.

"Биз ишкерлерди калк арасында суроо-талап көп болуп жаткан дары каражаттарынын баасын негизсиз кымбаттатпоого чакырдык. Аларга товардын баасын негизсиз кымбаттатканда мыйзам чегинде жоопко тартыла тургандыгы түшүндүрүлдү. Фарм-компаниялардын өкүлдөрү баа саясатын товарды алып келгендер коёрун айтып жатышат. Шаардык мэрия пандемия шартында моралдык тарапты унутта калтырган товар ташуучулар менен бул маселени иштеп чыгат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
TalaCSKA
2020-07-03 21:11:05
Калпы эле кыйын боло бербей ошол даарылардын баасынын списогун бергилечи.бере албайсынар анткени духунар жетпейт коркосунар лохтор анан дагы жазага тартабыз деп койот балээнинби !!!!
+2
talaa11
2020-07-03 21:24:22
Азык туулук тамак аш дегеле койчу бут баары кымбаттадыго Аларга эмнеге чара корулбойт продукты баары кымбаттадыго
+1
tilek121277
2020-07-03 22:47:55
Колунардан соз айткандан башка б.. Дагы келбей калды го баары эле которулгон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан