"COVID-19 илдетинин соккусун көбүнчө Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын эмгек жамааты көтөрүп жатат.
Оорукананын кызматкерлери айлап үйлөрүнө кетпей, мекемеде калып, бейтаптардын өмүрү үчүн күрөшүп жатышат. Алардын бири Марина Давлетбаева. Ал эки жарым айдан бери үйүнө, үй-бүлөсүнө бара элек", - деп жазат Саламаттыкты сактоо министрлиги жарыялаган видеосуна.
Ошондой эле министрлик бул видеону көрүп, ар бир жаранды дарыгерлердин эмгегин сыйлоого, алар айткан эрежелерди сактоого чакырган.