
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы, композитор Тургуналы Нурматов каза болду. Маалыматты анын сахналаш кесиптештери ырасташты.
Тургуналы Нурматов 1955-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылында төрөлгөн. Ал "Кыргызымдын жигиттери", "Той ыры", "Жымыңдайт жылдыз" аттуу обондору менен атактуу болгон.
SUPER.KG порталы Тургуналы Нурматовдун көз жумгандыгына байланыштуу жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.