Биз социалдык тармакта

"Кыргызстан" фракциясынын лидери Канатбек Исаевдин апасы каза болду

"Кыргызстан" фракциясынын лидери Канатбек Исаевдин апасы Асымбүбү Ташыбаева 79 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу аталган партиянын өкүлдөрү билдиришти.

Асымбүбү Ташыбаева 1941-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунда туулган. Өмүрүнүн соңуна чейин мугалимдик кесипти аркалап, 50 жылдан ашык физика-математика сабагынан балдарга билим берген.
Маркум "Баатыр эне" ордени менен сыйланган, эл агартуунун төш белгисине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими наамына татыган. Асымбүбү Ташыбаеванын артында 7 баласы, 23 небереси, 14 чөбөрөсү калды.

Акыркы сапарга узатуу эртең, 6-июлда саат 10.00дө Чүй районунун Кошой (Калиновка) айылында өтөт.

SUPER.KG порталы Асымбүбү Ташыбаеванын көз жумгандыгына байланыштуу жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talant87
2020-07-05 09:26:08
Админ кандайсынар менде Бир сунуш оруудан тузолгондор жонундо бир эки матирял таярдасанар элдик кабарлар куч алдырсанар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан