Биз социалдык тармакта

Позитив кабар: Кыргыз мугалими казак университетинин "устат окутуучусу" деп табылды

Казакстандын Назарбаев университетинин Жогорку билим берүү мектебинин профессору Дүйшөн Шаматов окуу жайдын «Мыкты Окутуучу» сыйлыгынын «Устат Окутуучу» номинациясына татыктуу деп табылды. Профессор Шаматов 2018-жылы «Новатор Окутуучу» жана 2019-жылы «Лидер Окутуучу» деген сыйлыктарды жеңип алган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымат таратышты.
"Дүйнөнүн булуң-бурчунан келген 500дөн ашык профессордун арасынан бул сыйлыкты алуу оӊой болгон жок. Бирок бул жалгыз өзүмдүн эмес, мени мектепте, ОшМУда, Пакистан жана Канадада окуткан агай-эжейлеримдин да жеңиши деп эсептейм", - деди Шаматов.
Маалыматка ылайык, сыйлык тапшыруу аземи ушул жылдын сентябрь айында виртуалдык негизде өткөрүлөт.
"Комитет сиздин Назарбаев университетинде билим берүүдө башкаларга үлгү болгонуңузду өзгөчө белгилейт. Сиздин инновациялык окутуу менен бирге, изилдөөгө негизделген окутуу усулдарын түптөгөнүңүздү жана өз билимиңизди окуу жайда, Казакстан жана жалпы эле региондогу кесиптештер менен дайыма бөлүшүүгө даяр экениӊизди жогору баалайбыз. Сиздин ишиңиз биздин окуу жайдын кадыр-баркын көтөрүүгө түздөн-түз таасир этип жатат. Сизге жана кесиптештериңизге рахмат, биз Казакстан үчүн эл аралык университет түзүп жатабыз", - деп жазат Назарбаев университетинин окуу иштери боюнча проректору, доктор Лоретта О-Доннелл өзүнүн куттуктоо сөзүндө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан