Биз социалдык тармакта

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, педагог-балетмейстер Асылбек Бегалиев 87 жаш курагында дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, педагог-балетмейстер Асылбек Бегалиев 87 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары тарабынан маалым болду.

Асылбек Бегалиев 1948-жылы Фрунзе шаарындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайына кирген. 1950-жылы окуучу кезинде опера-балет театрында “Чолпон” спектаклинде Саматтын ролун ойногон. Анын кыргыз искусствосуна жана маданиятына сиңирген эмгеги бааланып, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы, Манас-1000 медалы, "Маданияттын мыкты кызматкери", "Баткен облусунун ардактуу атуулу" наамдары ыйгарылган. Кыргыз маданиятын жана көркөм руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү инсандардын бири.

Асылбек Бегалиев өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин Мукаш Абдраев атындагы окуу жайында бий сабагынын мугалими болуп иштеген.

SUPER.KG порталы Асылбек Бегалиевдин көз жумгандыгына байланыштуу жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
rysik79
2020-07-05 13:15:22
Арты кайрылуу болсун!
+4
Tymar
2020-07-05 13:21:54
Тенирим жаткан жери жайлуу кылсын.
-5
nuriza91-90
2020-07-05 14:11:57
Кайсы каментарийди окуба Тенирим деп жазышат.Тенирим деп жазбагылачы сураныч.
+1
erlan2196
2020-07-05 14:19:28
nuriza91-90,
Радикал исламисттер кичине сабырдуу, чыдамдуулука уйронгуло. Ар кимдин башы озундо, ар кимдин коз карашы ар башка. Ким эмне деп айтса оз иши.
+6
turaliev
2020-07-05 14:56:54
Артистердин баары кырылып калмай болдуго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан