Коомдук ишмер Жалгап Казакбаев 71 жашында дүйнө салды. Ал узакка созулган оорудан улам каза болгонун бүгүн, 5-июлда президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-июлда саат 10:00дө Кара-Балта шаарынын Целинная көчөсүндө өтөт. Анын сөөгү Тельман айылына коюлат.
Жалгап Казакбаевдин жаркын элеси элибиздин эсинде сакталат, анын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз", - деп айтылат билдирүүдө.
Жалгап Казакбаев 1949-жылы Панфилов районунун Тельман айылында туулган.
1972-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктап, өзүнүн эмгек жолун Фрунзедеги "Сетунь" заводунда цехтин башчысынын орун басары, мастер болуп иштөөдөн баштаган;
1974-1983-жылдары Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы "Оргтехника" заводунда цехтин башчысынын орун басары, цехтин башчысы, башкы технолог, башкы инженер;
1983-1987-жылдары Кара-Балта шаарынын "Бакыт" өндүрүштүк бирикмесинин генералдык директору;
1987-1992-жылдары Кара-Балта шаардык кеңешинин, Чүй облусунун кеңешинин төрагасынын орун басары;
1991-жылы Жогорку Кеңештин, легендарлуу парламенттин, 1995-жылы Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаты;
1992-1995-жылдары Кара-Балта тоо-кен комбинатынын генералдык директорунун орун басары, генералдык директору;
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана бекемделишине, өлкөнүн социалдык жана экономикалык, тоо-кен өнөр жай тармагынын өнүгүшүнө салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер катары анын ысымы Кыргыз тарыхында калат.
SUPER.KG порталы Жалгап Казакбаевдин көз жумгандыгына байланыштуу жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.