Биз социалдык тармакта

Депутат Төрөбай Зулпукаров: "Курулуп жаткан ооруканаларды чукул арада бүтүрүү - бүгүнкү күндүн талабы"

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы жана Ноокат районунун Ынтымак айыл өкмөтүндөгү эки оорукананын курулуш ишинин жүрүшү менен таанышып келди. Маалым болгондой Кызыл-Кыя шаарындагы оорукана “Катар” кайрымдуулук фонду, депутат Төрөбай Зулпукаров жана анын командасы тарабынан Ноокаттагы оорукана “Ассанабил” кайрымдуулук фонду жана Төрөбай Зулпукаров тарабынан курулууда.

Кызыл-Кыя шаарындагы оорукана жакынкы күндөрү медициналык жабдыктар менен койкалар алып келинип пайдаланууга берилсе, Ынтымак айыл өкмөтүндөгү эки кабаттуу оорукананын да имараты дээрлик бүтүп калган. Зулпукаров учурдагы кырдаалды эске алуу менен ишти тездетип, илдетке каршы күрөштү күчөтүү керектигин белгиледи.

Эл өкүлүнүн айтымында COVID-19 илдетине байланыштуу өлкө аймагында курулуп жаткан ооруканаларды тез арада бүтүрүү - бүгүнкү күндүн негизги талабы. "COVID-19 илдети жеке эле бизди эмес, дүйнө жүзүндөгү өнүккөн өлкөлөрдү түйшүккө салып жатат. Ошого карабастан биз дагы бар күчүбүздү жумшап, илдетке каршы аракеттерди көрүүдөбүз. Баарыбыз бул оорудан оолак бололу, аман бололу", - деген Төрөбай Зулпукаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
tachkomur
2020-07-05 19:18:08
Чон больницаго ошого бутпой аткан турбайбы
-1
Kairat1996
2020-07-06 11:35:10
Пока оорукана курулгуча эл кырып бутмой болду. Ошондуктан убактылук мектептерди ооукана кылып ача тургула. Мектептерге кобуроок эл батат.
+7
Arman007
2020-07-06 11:54:42
Аллах ыраазы болсун илдет эртереек отуп кетсин. озум учун эмес жакындарым учун корком
+1
arawan
2020-07-06 12:22:47
Шайлоого жакын булардыкы башталды больница бутот жакын арада анан Ким бутурду ой тиги партия бутурду ошого добуш берели дешет алданбайлы элим журогубуз мн добуш берели
+1
Safiya91
2020-07-06 14:06:40
Январда башталган вируска эми куч алганда больница бутуруш керек. Тоокко окшоп какалактадынарго.
+3
Safiya91
2020-07-06 14:08:50
Частный больницалардын боюдан тушобу ушундайда жардам берип койсо. Эл керек маалда рекламасы гезит бетин ээлейт.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан