Азыркы учурда коомдук ишмер Кылыч Исамамбетов тарабынан COVID-19 вирусуна байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам аракет көрүү, пневмония жана коронавирус белгилери табылган кишилерге жардам берүү боюнча улуттук бирдиктүү маалымат системи иштелип чыкты. Анда бейтаптарга жардамды туура бөлүштүрүүгө жана пневмония менен коронавирустун таралуу очокторунун реалдуу кырдаалы боюнча маалымат алууга мүмкүндүк берет.
Сайтта эмнелер жайгаштырылат?
Улуттук бирдиктүү маалымат системасынын координатору Кылыч Исамамбетов: "Азыр иштеги эски методдор менен чечим кабыл алуулардан баш тартуунун убагы келди. Бүгүнкү коронавирус боюнча келип чыккан кырдаалды ыкчам чечүүгө мүмкүндүк берген инновациялык усулдарды пайдалануу керек. Биз өзгөртүү киргизүүгө умтулушубуз керек.
Ошондуктан биз бардык кыргызстандыктарды иштеген тармагына жана саясий көз караштарына карабай, волонтёрдук командаларга, мобилдик топторго, имарат жай, СИЗ, дары-дармектерди берүүгө даяр жактарды биригүүгө жана колдо болгон ресурстарды бириктирүүгө жана иштелип чыккан программалык өнүмдүн мүмкүнчүлүгүн пайдалануу менен күчтөрдү жана жардамдарды туура бөлүштүрүүнү сунуштайбыз. Сунушталган улуттук бирдиктүү маалымат системасы эркин түрдө жеткиликтүү болот жана ар бир жаран сунуштала турган бардык локациялардан пайдалана алат".
Биз бардыгын баш кошууга жана пандемияга каршы бирдиктүү фронт менен чыгууга чакырабыз!
Улуттук бирдиктүү маалымат системи covid.birik.kg шилтемеси боюнча жеткиликтүү.
БИРИК – ИННОВАЦИЯЛЫК ЧЕЧИМДЕРДИН УЧУРУ!