Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 6-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Ага ылайык, мамлекет башчылары эки жактуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттешүүнү өркүндөтүү боюнча үстүбүздөгү жылга биргелешкен пландарды белгилешти.

Мамлекет башчылары телефон аркылуу сүйлөшүү маалында коронавирус инфекциясын жайылтпоо жаатында мындан ары биргелешкен чараларды көрүү боюнча өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан