
Орусиянын Якутск шаарындагы токойдо канаттуулар фермасынын аймагынан массалык түрдө көмүлгөн мүрзө табылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Орусиянын тергөө комитетинин республикалык бөлүмүнүн расмий сайты беш мигрант уруксатсыз көрүстөнгө коюлуп, экөөнүн аты-жөнү аныкталганын жазып чыккан. Алардын бири Тажикстандын, экинчиси Кыргыз жараны болгон.
"Тергөөчүлөр көмүлгөн адамдардын калганынын аты-жөнүн аныктап жатышат. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча процедуралык чечим кабыл алынат," - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле мигранттардын сөөгү коюлган жерге жакын жакта атайын көрүстөн бар экендиги айтылды.