Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы республикадагы 29 диний окуу жайын 1415 орундуу обсервацияга жана күндүзгү стационар катары пайдаланууга берүүгө даяр. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Муфтият, облустук казыяттар демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 37 миллион сомдон ашуун тамак-аш түрүндө жардам көрсөтүштү. Быйыл мечиттерибиз карантин учурунда жабык болгондуктан, 11 миллион сом битир-садака чогулду", - деп жазылат маалыматта.
Учурда өлкө боюнча 100дөн ашуун диний окуу жай, 3000ден ашуун мечит бар.