Биз социалдык тармакта

Бир сутка ичинде коронавирустан 4, пневмониядан 42 адам каза болду

Бир сутка ичинде коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен дагы 4 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүнкү күнгө карата онлайн жыйында Айнура Акматова билдирди.

Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 1 (77 жаштагы эркек киши);
Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 (62 жаштагы аял киши жана 55 жаштагы эркек киши);
Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынан – 1 (68 жаштагы эркек киши).

Бир сутка ичинде пневмониядан 42 бейтап каза болду. Алардын ичинен 21 адам республика боюнча жана Бишкекте 21 адам.
Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 310 адам.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
anara870693
2020-07-09 10:52:45
Аллах, Аллах 42 адам(((((Аллахым шыпаа берсин ооруп аткандарга батыраак жаман ооруну женип чыксын Кыргыз элим
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан