Нарын шаарында күндүзгү стационарларга 2 күндүн ичинде 271 адам кайрылды. Маалыматты Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Нарын шаарында коронавирус пандемиясын алдын алуу максатында калаанын беш аймагында 7-июлдан тартып күндүзгү стационарлар иштеп баштаган.
Эки күндүн ичинде кайрылгандардын саны 271ге жетип, алардын 139 жаранга медициналык жардам көрсөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.