Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын ага инспектору, милициянын капитаны Умаров Улукбек Усманалиевич дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан ырасташты.
Белгилүү болгондой, Улукбек Умаров бүгүн, 9-июлда кайтыш болду.
SUPER.KG порталы Улукбек Умаровдун көз жумгандыгына байланыштуу жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.