Бүгүн, 9-июлда коңшу Тажикстанда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталып, ал Баткен облусунун аймагында да сезилди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 12:39да Тажикстандын аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Баткен облусунун Лейлек районунун Алга, Жеңиш айылдарында 5 балл, Сүлүктү шаарында, Лейлек районунун Исфана шаарында 4 балл, Катраң айылында 4 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп жазылган билдирүүдө.