Биз социалдык тармакта

Чүйдө 16 жаштагы Бекзат Тешебаев 3-июлдан бери изделүүдө

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылында 16 жаштагы Бекзат Тешебаев изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бекзат Тешебаев Көк-Жар айылындагы үйүнөн 3-июль күнү чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: Бою 170-175 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы сары, көзү күрөң түстө.

Кийип жүргөн кийимдери: Башында кара кепка, көк түстөгү спорттук шым, бутуна көк түстөгү бут кийим кийип жүргөн.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көрүп, билген болсо, Чүй ОИИББинин кызматкерлери төмөндөгү номерлерге чалып коюну өтүнөт.

Байланыш телефону: 0312 43 01 27; 0312 43 88 85; 0312 36 35 27; 0312 36 35 23; 0709 21 18 08; 0550 34 33 63; 0778 00 09 99.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан