Биз социалдык тармакта

Вице-премьер-министр: "Дүйнөлүк банктын 2 миллион 200 миң доллары медицина каражаттарын сатып алууга колдонулду"

Бүгүнкү күнгө карата макулдашылган 627 миллион доллар финансы каражатынан 51 пайызы же 321 миллион доллар келип түштү, ал эми калган суммасы азырынча түшө элек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бүгүнкү брифингде билдирди.

"Алардын ичинен 166 миллион доллар өлкөнүн бюджетине грант катары түшсө, 461 миллион доллар – жеңилдетилген насыялоо шартында келүүдө", - деп билдирди вице-премьер-министри Эркин Асрандиев.

Анын айтымында, чыгашалардын эки негизги багыты бар – бул бюджет чыгымдарын жабуу жана коронавируска каршы күрөшүү.

171 миллион доллар айлык акыларды төлөөгө жана ММКФны трансферлерине багытталган. Бул сумманын 80 пайызы корголгон беренелерди каржылоого жумшалды.

Дүйнөлүк банктын 2 миллион 200 миң доллары медицина каражаттарын сатып алууга колдонулду. Бардык тендерлер Дүйнөлүк банктын көзөмөлү алдында жана алардын макулдугу менен өткөрүлүүдө. 3 миллион доллардан сатып алууга жумшалган.

1 миллион 300 миң доллар өзгөчө абал режими учурунда гуманитардык жардам көрсөтүүгө сарпталган.

"Өлкөгө келип жаткан каржылык жана гуманитардык жардам тууралуу кеңири маалыматты өкмөттүн сайтынан таба аласыз. Маалымат апта сайын жаңыланып турат", - деп белгиледи ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kuban-1207
2020-07-10 12:43:05
Калп
+11
bessmertiy
2020-07-10 14:29:13
Kuban-1207,жебечи
-4
nurali1989
2020-07-10 12:53:44
Карызга батып бутмой болдук го. Карыздын устуно карыз
+7
shankol88
2020-07-10 12:54:30
Ооо жемейлер жүдаа болуптургоо аа,
Жок дегенде медиктердин кошумча акчасын тоолук кылып берип койсоңор болот еле...
+7
Kyrgyz_bloger
2020-07-10 13:08:09
Кайсы медициналык аппараттарды алдынар,Кытай,Озбекстан,Катар жардамга берип ырчылар бизнесмендер акча топтоп алып жатышат го,миндеген кислородный концентраторлор келсе дагы жетпейт деп олтурасынар,ошол эле убакта лалафодо свободно сатылып жатат,жанысы дагы б/у дагы алар каяктан келгени белгисиз.
+8
tynara81
2020-07-10 14:00:19
Ошондо ошол акча келбесе эмне болмокпуз, айткылачы , вице- премьер- министр!? Анан, кайсыл жакка коюлду ошол мед аппараттарыңар? Мынча каратып туруп калп айтасыңар??!!
+1
010288
2020-07-10 14:57:25
Мляяяя
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан