Биз социалдык тармакта

Мэрия Бишкектеги күндүзгү стационарлардан жардам алгандан кийин айыккан бейтаптарды узатты

Бүгүн, 10-июлда Бишкектеги күндүзгү стационарларда дарыланган жарандардын ичинен илдетти жеңген алгачкы бейтаптар үйлөрүнө узатылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Биринчи Май районундагы Спорт ордосунун имаратындагы медициналык жайдан тиешелүү жардам алгандан кийин илдеттен арылган шаар тургундарын вице-мэр Татьяна Кузнецова жана шаардык мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев узатышты.

Бир апта ичинде шаардык мэриянын күндүзгү ооруканаларына 11 миң 370 жаран кабыл алынган.

Бүгүнкү күнгө карата борбор калаада 9 күндүзгү стационар иштеп, медициналык мекемелердин кире беришинде кезек күтүүлөр азайып, ыңгайлуулук үчүн электрондук кезек терминалдары (талондор) орнотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан