Бишкек шаарындагы "Тез жардам" кызматындагы дарыгерлердин ар бир үчүнчүсү ооруп калган. Бул тууралуу аталган мекеменин кызматкери, дарыгер Егор Борисов жазып чыкты.
Анын маалыматына ылайык, "Тез жардамда" иштеген кызматкерлердин 101и дарыланууда. Бүгүнкү күндө кызматкерлердин 3төн 2 бөлүгү гана иштеп жатканын айткан.