Бишкектин Чүй жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде "Тез жардам" унаасы менен Тойота үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 10-июль күнү саат 14:20 чамасында орун алган.
Натыйжада "Тез жардам" унаасынан бир жүргүнчү жабыркап, ооруканага жеткирген. Эки унаа тең айып короосуна токтотулуп, кырсыктын келип чыгуу себептери аныкталууда.