
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулунун атасы каза болду. Бул тууралуу депутат бүгүн, 10-июлда социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Алтыным" деп эркелетип, кыйын-кыйчалыш күндөрдө тирек болгон, кубанычыма сүйүнүп, акыл-насаатчы болгон эң бийик аска-зоом кулады. Арман ай, аттиң ай, ажал менен арбашып турганда дарысын же дабасын таап, арачалай албадым... Сиз мага тапкан колдоону, дабаны мен сизге таба албадым. Кечир, эми ата...", - деп жазылат билдирүүдө.