Кыргыз маданияты чоң жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жыргал Көбөгөнова каза болду. Бул тууралуу Кыргыз драма театрынан билдиришти.
Жыргал Көбөгөнова 1948-жылы 1-январда Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында туулган.
Ал эки залкар өнөр ээлери Абдыашым Көбөгөнов жана Сайрагүл Балкыбекованын кызы болгон.
Жыргал Көбөгөнова 1954-жылы Бишкек шаарынын №2 орто мектебинде билим ала баштаган. 4-класста окуп жүргөндө, пионерлер сарайында бий ийримине катышып жүрүп, 1958-жылы Москвада өткөн Кыргызстандын декадасында Сапарбек Кабеков менен Нурдин Тугеловдордун жетекчилиги астында «Пахта бийин» бийлеп чыккан. Ошондо ал болгону 10 жашта болгон. 8-класстан баштап 1963-жылы борбордо Цирктин студиясында машыгып жүрүп, 1964-жылы Кыргыз цирки ачылганда «Алгачкы карлыгачтардан» болуп аба гимнастынын ролун аткарып, цирктин чамгарагында чарк айланып бийлеген.
Жыргал Көбөгөнова 1971-жылы Нурдин Тугелов, Сапарбек Кабеков алгач уюшулган «Бий ансамблине» бийчи жана алып баруучу катары чакырышат. Бий ансамбли менен чет өлкөнүн булуң-бурчуна барып, күнөстүү Кыргыз өлкөсүнүн искусствосун көрсөтүп келген.
Ошол кездеги министр Күлүйпа Кондучалова Трускавец шаарында өткөн концертте Жыргал Көбөгөнованын үн-тембри апасы Сайракүл Балкыбекованын үнүнө өтө окшош экенин баамдап, атасы Абдыашым Көбөгөновго: «Драмалык жөндөмү күчтүү кызыңыздын багын байлабай, Оштогу жаңы ачылып жаткан драма театрына жибериңиз. Москвадан жаңы бүтүп келген теңтуштары менен иштесин», - дейт. 1972-жылдан баштап Ош облустук драма театрында актёрлук кесипти аркалап, ийгиликтүү ролдорду жаратат.
Ал Касымалы Жантөшевдин «Курманбегинде» - Гүлгаакы, Аалы Токомбаевдин «Күндүн чыгышында» - Госпожа ролдорун аткарып, алар эсте калаарлык образдар болуп калган.
Актрисага 1997-жылы Кыргыз театр искусствосуна сиңирген эмгеги үчүн «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген жогорку наам берилген.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Жыргал Көбөгөнова көз жумгандыгына байланыштуу жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.