Биз социалдык тармакта

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан 70 миң сом акча берилет деген маалымат чынбы? Министрлик жооп берет

Учурда мессенжерлер аркылуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан 70 миң сом берилет экен деген билдирүүлөр байма-бай келип баштаганы маалым.

Анда 1991-2018-жылдар аралыгында иштегендер (ред. мамлекеттик мекемеде) 70 миң сом өлчөмдөгү акчалай жардам ала тургандыгы жазылган.

Маалыматты тактоо үчүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине байланышканда аталган маалымат жалган гана эмес, вирус алып жүрүүчү дагы экенин эскертишти.

"Учурда жарандар WhatsApp аркылуу бири-бири менен ушул фейк маалыматты бөлүшүп жатышыптыр. Министрлик андагы жазылгандар калп экенин расмий билдирет. Буга байланыштуу жарандарыбыздан жалган маалыматты таратпоону суранабыз", - дейт мекеменин маалымат катчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
katerina.li
2020-07-13 19:45:15
Кайдагы 70 мин.?? 7 сом да бербейт керек боосо
+7
Paol
2020-07-13 20:17:50
Ушундайынарды токтотсонор боло, мурда да биринчи карантинде ар кандай голосовойлорду жөнөтүп больницалар толду врачтар ишин таштап кетти деп тарады эле.Браво максатынарга жеттинер
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан