Биз социалдык тармакта

Баткен облусундагы Төрт-Гүл суу сактагычынан Тажикстанга нормадан көп өлчөмдөгү суу берилип жатабы? Жооп

Баткен облусунун Баткен районундагы Төрт-Гүл суу сактагычында суу жылдагыдан аз, бирок аймакта сугат иштерине суу жетиштүү. Тынчсызданууга негиз жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук администрациядан билдиришти.

Ага ылайык, Төрт-Гүл суу сактагычына жылына 90 миллион метр куб суу топтолот. Бүгүнкү күндө Төрт-Гүл суу сактагычындагы суунун көлөмү 28 миллион метр кубду түзүүдө. Өткөн жылга салыштырмалуу 6 миллион метр кубга аз. Суу сактагыч бүгүнкү күндө Баткен районунун 7 миң 498 жана Баткен шаарынын 1 миң 575 гектар жерин сугат иштерин суу менен камсыздап келет. Быйылкы жылы Төрт-Гүл суу сактагычынан Баткен районунун жана Баткен шаарынын айдоо жерлери үчүн суу берүү мезгили март айынан башталган же болбосо 6 миллион 300 миң метр куб суу жазгы сугат үчүн берилген.

Бүгүнкү күндө сууну сарамжалдуу пайдалануу жагы облустук өкүлчүлүк тарабынан түздөн-түз көзөмөлгө алынып, суу сактагычтагы суунун өлчөмү 28 миллион метр кубдун тегерегинде турукташты.

Ал эми Тажикстанга суу нормадан көп өлчөмдө берилип жатат деген сөз чындыкка дал келбейт. Ак-Суу дарыясындагы сууну бөлүштүрүү боюнча СССР учурунда түзүлгөн үч тараптуу келишимде Кыргыз өлкөсү, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттери биргеликте пайдалануу жагы белгиленген.

Төрт-Гүл суу сактагычынан тажик тарапка алардын кайрылуусунун негизинде берилген суулар:
2018-жылы 7 миллион 948 миң метр куб;
2019-жылы 7 миллион 431 миң метр куб;
2020-жылы 7 миллион 730 миң метр куб суу берилген.

Учурда аталган суу сактагычтан келүүчү сууга болгон таңкыстык жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Eden-Hazard
2020-07-13 17:07:14
Ушул тажиктерден тажабадыңарбы...Силерден жер талашат, үйүң өрттөйт,... А силер кошомат кылып акча үчүн баарына даярсынар
+7
u02u02
2020-07-13 17:52:32
Саткычтар
+8
Kyrgyz_bloger
2020-07-13 18:04:01
СССР убагындагы уч тараптуу келишимде дейт го,ошол убактагы келишимдер дагы деле кучундобу?
+5
bond
2020-07-13 18:05:56
Көп берипсинерго сезон бүтө элек эле 7млн730 миң куб берип коюпсунар күзгө чейин дагы бересиңер да.
+7
salimbek87.kg
2020-07-13 18:07:45
Акча үчүн чоңдор эл эмес кочукту да жатасынар мен 3кун илгери отум төрт кол эмес бош бол кол болуп калыптып
+5
Sambet08
2020-07-13 18:13:46
Сатсанар сатып жаткандырсынар качан эле силердин созунор чындыка дал келген озу
+7
Tolkun555
2020-07-13 18:46:04
Крышанарды бир ачып ондотуп алсанар болот беле. 2018 2019 жылдары 7.5 миллион куб берген болсонор, 2020 жылды июль аына чейин 7.7 миллион берип коюпсунар го. Декабрга чейин 15 миллион болобу?
+1
MederBek-Esenbai
2020-07-13 21:43:40
Кайран кыргызым СССР жок болгонуна 30жыл болуп баратат, силер дагы деле СССР убагындагы келишим менен жашайсынар . Келишим деп атып анклав болгону калды Баткен . Четинен сатып атып эч нерсе калбадыго.
+2
Raatbek700
2020-07-13 22:05:18
Ушул сууну токтотсонор тажик озбек оздору жалдырап келет алдынарга
0
PROS
2020-07-14 05:31:24
Бир нерсе болсо эле "чындыкка дал келбейт" деген шылтоо таап алдыңар ыя?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан