Биз социалдык тармакта

Тыюу салганга карабастан чыгышкан. Бишкек ШИИББи аянтка митингге чыккандар боюнча билдирүү таратты

"Ала-Тоо" аянтында бүгүн, 13-июлда 4-октябрда өтө турган шайлоону жылдыруу керек деген талап менен 6-7 жаран митингге чыккан. Бул боюнча Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан төмөнкүчө маалымат таратышты.

Бишкек шаарынын Жарандык коргонуу боюнча комиссиясынын буйругуна ылайык, 12-майдан баштап Бишкек шаарынын аймагында спорттук, коомдук жана башка иш-чараларды өткөрүү убактылуу токтотулган.

11-июль күнү Бишкек шаарынын мэриясына жана Бишкек ШИИББине 13-июль күнү саат 11:00дөн 12:00гө чейин "Ала-Тоо" аянтында тынчтык митингин өткөрүү жөнүндө Т.А. аттуу жаран кайрылган. Бирок ошол эле күнү тийиштүү кызматкерлер Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаалдын жакшырышына чейин жогорудагы иш-чарасын өткөрүү убактысын өзгөртүү сунушталган.

Тыюу салууга карабастан, 25-30 тегерегиндеги белгисиз адамдар бүгүн, 13-июль болжол менен 11:20 чамасында аянтка чогулушкан. Ушуга байланыштуу милиция кызматкерлери Биринчи Май РИИБине төмөнкү жарандарды жеткиришкен.

1999-жылы туулган С.Ж., 1993-жылы туулган Р.А., 1997-жылы туулган Ж.А., 1998-жылы туулган Ж.Н., 2003-жылы туулган Н.Б., 1991-жылы туулган З.А., 1998-жылы туулган Ж.А., 1990-жылы туулган Т.К.. Баардыгы Бишкек шаарынын жашоочулары, алар түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан соң коё берилгени жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Muratsatybaldiev
2020-07-13 16:52:28
Жаш эле балдар экен го. Ушундай кырдаалда тынч эле уйдо отурсанар болмок экен.
-5
AksyKum
2020-07-13 17:02:32
Ушундай кырдаалда шайлоо откорсонор дуйно эли башка жагы менен кулсо керек
+8
nazarmat92
2020-07-13 17:41:03
Тушундуруу иштерин муунтуп жургуздунорбу?
+5
Paol
2020-07-13 20:23:05
Ээй айланайындаар шайлоону кое тургулачы
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан