Өлкөдө өз алдынча вируска каршы дарыларды колдонгондор жок эмес. Мындай жол менен дарылануунун кесепети тууралуу республикалык штаб маалымат таратты. Бул маалымат дарыгердин күндөлүгүнөн алынган.
"Стационарга келген бейтаптар үй шартында же күндүзгү стационарда мүмкүн болгон инфузияларды алып, дарылоо тактикасында дарыгердин тандоосун кыйындатат. Мисалы бейтап үйдө Азитромицин, Цефтриаксон, Левофлоксацин, Дексаметазон антибиотиктерин ичет.
Бир аз жакшы боло түшкөнү менен бир нече күндөн кийин абалы дароо начарлайт. Дарыгерлерге жаза турганга дээрлик эч нерсе калбай, акыркы муундагы күчтүү дары-дармек Актемра гана калат. Тилекке каршы, аталган дары жардам берери күмөн жаратат. Ошондуктан, эгерде оорунун белгилери жаңыдан гана башталып жатса, антибиотиктерди ичүүгө шашылбаңыз, өзүңүздүн организмиңизди тыңшап көрүңүз, балким ал дары-дармексиз эле илдетти жеңип кетет. Ден соолугуңузга дароо зыян тийгизбестен ойлонуңуз", - деп айтылат күндөлүктө.