Сутка ичинде COVID-19 жана пневмония илдетинен сакайды делинип 984 бейтап стационарлардан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.
Бишкек шаары – 343;
Чүй облусу – 62;
Ош облусу – 65;
Талас облусу – 71;
Нарын облусу – 70;
Ысык-Көл облусу – 134;
Жалал-Абад облусу – 147;
Баткен облусу – 27;
Ош шаары – 65.
Республика боюнча аталган оорудан айыккандардын жалпы саны 15 миң 851ди түздү.