Тышкы иштер министрликтин консулдук кызмат департаментинин биринчи катчысы Марлен Калиев каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда аталган мекеменин басма сөз кызматынан маалымдашты.
"Министрликтин борбордук аппаратынын жана чет өлкөлөрдөгү мекемелердин, дипломатиялык кызмат органдардын системасынын ведомстволук уюмдардын жамааты Марлен Калиевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу, анын бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Марлен Калиев өлкөнүн дипломатиялык кызмат органдарынын системасында 2006-жылдан баштап иштеп келген. Май айында ал 45 жашка толгон", - деп айтылат билдирүүдө.
Маркумдун өлүмүнүн себеби айтылган жок.