Биз социалдык тармакта

Өлкөдө 220 ИВЛ аппараты жетишпейт

Кыргыз өлкөсүнүн саламаттыкты сактоо тармагы дагы 220 ИВЛ аппаратына муктаж. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйында айтты.

"Бүгүнкү күндө өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратына (ИВЛ) республика боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Ал мониторингдин негизинде иштеген абалда 572 ИВЛ аппараты бар. Пандемия башталгандан бери гуманитардык жардам аркылуу 23 ИВЛ аппараты алынды. Азыркы күндө донорлордун каражаттарынын эсебинен сатып алууга атайын 63 ИВЛ аппаратына тендер өткөрүлдү. Коңшу Өзбекстандан өткөн аптада баарыңыздар билгендей, 100 даана ИВЛ аппараты келди. Алар шаардагы ооруканаларга таркатылып, калганы резервде турат. Ал эми учурда саламаттыкты сактоо системи 220 ИВЛ аппаратына муктаж", - деди Акматова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
boston___
2020-07-14 10:46:42
мындай учурда резервтин эмне кереги бар бар нерсени иштете бергиледа
+5
Bars88
2020-07-14 10:54:49
boston___,Жооп кеткенден кийин кылычыны ташка чап болот экенда.Сактаса тууп кобоймок беле керек маалда иштетпесе пайдасы не
+3
sainazarov0555
2020-07-14 11:34:55
Резервде сактап эмне кыласынар ? Озу жетишпей жатса !!!
+1
tatynam_88
2020-07-14 12:20:56
Анжеликага айткыла,байкуш чуркап журуп таап берет.элден айлансанар болот ЧИМКИРИК БИЙЛИК!бир да депутат куйуп реакция кылбаганына жаным кейийт.нервти силер жемей болдунар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан