Бишкекке Екатеринбург шаарынан 186 Кыргыз жараны учуп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар бүгүн, 14-июлда "Aviatraffic" авиакомпаниясы аркылуу келишти.
Чартердик каттамда келген жарандардын арасында студенттер жана өлкөгө келүүсү зарыл болгон Кыргыз жарандары бар. Ошондой эле алардын арасында өлкөгө жардам берүү үчүн келген 5 медицина кызматкери да бар.